Шейшенов: "бамбуктун" идеясы бир жыл мурда пайда болгон
Дизайндын идеясы бир жыл мурда келгендигин автор Марсель Шейшенов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Качан жана кайсы жерден келгенин так билбейм, бирок бир жыл мурда ойлоно баштагам. Жасап бүтөрүм менен жалаң таңгактардын дизайны жарыялаган Packaging of the World жана Вehance сайттарына илип койгом. Биринчи сайтта аз убакыт ичинде төрт миңден ашык "лайк" басылып, 700 жолу бөлүшүп, талкуулашты", — деди Шейшенов.
Ал суусундук таңгагынын дизайнын 10 миң долларга баалап жатат.
Ошондой эле дизайнерге бул эмгегинен кийин бир нече чет өлкөлүк фирмалардан иштешүү сунуштары түшүп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.
Кыргызстандык дизайнер менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>