Кытайды чычалаткан кыргыз дизайнери: "бамбукту" 10 миң долларга баалап жатам

© Sputnik / Табылды КадырбековГрафический дизайнер Марсель Шейшенов
Графический дизайнер Марсель Шейшенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын бейрасмий символу болуп эсептелген бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын дизайны жасалып чыкты эле, коңшулар арданып эле жатып калышты.

Анткени аны кыргызстандык дизайнер Марсель Шейшенов ойлоп тапкан.

Дүйнөлүк бир нече сайттарга жарыяланып, катуу талкуу жараткан бул эмгек тууралуу Шейшеновдун өзү менен маектештик. 

© Фото / Марсель Шейшенов Кыргызстандык дизайнер Марсель Шейшеновдун Bamboo суусундук таңгагынын концепциясы
Концепт упаковки для прохладительных напитков Bamboo - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дизайнер Марсель Шейшеновдун Bamboo суусундук таңгагынын концепциясы

— Марсель, бамбуктан суусундук банкасын "сууруп" чыгып, коңшуларды бир топ чычалаттыңыз окшойт…

— Бул эми чет өлкөлүк бирөө Айгүл гүлүнөн идея алып, бир нерсенин дизайнын жасагандай эле кеп болду. Кытайлыктардын менин эмгегиме жазып жаткан ой-пикирлерин автоматтык котормо менен которуп окуп көрдүм. Чын эле эң биринчи комментарийде "Бамбук биздин маданиятыбыздын туу чокусу. Өзүбүз дүйнөдө лидер болуп туруп, эмнеге мындай дизайнды бизден башка бирөө жасады?" деп жазышыптыр.

— Андай идея өздөрүнө биринчи келбесе эмне кылалы?..

Дизайнер Марсель Шейшенов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нарындык дизайнер: Adidas менин идеямды суроо-сопкутсуз колдонгону ыза кылды
— Аларга деле келсе керек. Анткени ар бир дизайнер жаратылышты, өсүмдүктөрдү, кубулуштарды караганда сөзсүз бир нерсеге окшоштуруп, идея издейт. Ал эми бамбукта банканын формасы турганы байкалып эле турбайбы. Франциялык дизайнер дагы менин эмгегимди көрсөтүп, кесиптешине "биз дагы ушуну жасайлы дегенбиз" деп жазыптыр. Дегеним, мындай идея көп кишиге келиши мүмкүн. Бирок мен биринчи болуп ишке ашырдым.

— Идея сизде качан пайда болду эле?

— Качан жана кайсы жерден келгенин так билбейм, бирок бир жыл мурда ойлоно баштагам. 

© Фото / Марсель Шейшенов Марсель Шейшенов: бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын концепциясын жасоо идеясы бир жыл мурда келген
Марсель Шейшенов: бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын концепциясын жасоо идеясы бир жыл мурда келген - Sputnik Кыргызстан
1/3
Марсель Шейшенов: бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын концепциясын жасоо идеясы бир жыл мурда келген
© Фото / Марсель Шейшенов Bamboo дизайнынан кийин Шейшеновго АКШлык фирмадан иштешүү сунушу түштү
Bamboo дизайнынан кийин Шейшеновго АКШлык фирмадан иштешүү сунушу түштү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Bamboo дизайнынан кийин Шейшеновго АКШлык фирмадан иштешүү сунушу түштү
© Фото / Марсель Шейшенов Дизайнер Bamboo суусундук таңгагынын дизайнын 10 миң долларга баалап жатат
Дизайнер Bamboo суусундук таңгагынын дизайнын 10 миң долларга баалап жатат - Sputnik Кыргызстан
3/3
Дизайнер Bamboo суусундук таңгагынын дизайнын 10 миң долларга баалап жатат
1/3
Марсель Шейшенов: бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын концепциясын жасоо идеясы бир жыл мурда келген
2/3
Bamboo дизайнынан кийин Шейшеновго АКШлык фирмадан иштешүү сунушу түштү
3/3
Дизайнер Bamboo суусундук таңгагынын дизайнын 10 миң долларга баалап жатат

— Бир нече дүйнөлүк сайттарда катуу талкууга алынды окшойт?

— Өзүм алгач жалаң таңгактардын дизайнын жарыялаган Packaging of the World сайтына илип койгом. Аз убакыт ичинде төрт миңден ашык "лайк" басылып, 700 жолу бөлүшүлүп, талкуулашты. Дүйнөнүн мен-мен деген дизайнерлери портфолио катары колдонгон Вehance деген сайтта дагы абдан жакшы пикирлер айтылды.

— Дизайнды сатып алууну каалагандар барбы?

— Азырынча сунуш түшө элек.

— Чет өлкөлүк фирма сатып алууну кааласа, канчага баалайсыз?

— Азырынча 10 миң доллар деп жатам. Бирок реалдуу сунуш болуп калса, баасын түшүрүп беришим мүмкүн. Анткени мен үчүн ал турмуш жүзүнө ашып, текчелерде тизилип турганы маанилүү.

— Бир нече ай мурда эл аралык сынакта кесиптешиңиз менен биргеликте жасаган сүттүн бөтөлкөсүнүн дизайны жеңип чыкты эле. Ал сатылып кеттиби?

— "Molocow" деген аталыш менен сүт азыктарынын таңгагы мен мурда иштеген студиянын менчиги болуп эсептелет. Жакында эле ага индиялык бир фирма кызыгуусун билдириптир. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Баса, ал дизайныбызды көрүп алып, бизге логотип, таңгак жасап бер деп АКШнын Калифорния штатында косметика чыгарууга камынып жаткан фирма кайрылган. Жогоруда айткандай, ал кезде студияда иштеп жүргөндүктөн, келишимге бир аз туура келбей калган.

© Фото / предоставлено Марселем Шейшекеевым"Molocow" сүт азыктарынын таңгагына индиялык фирма кызыгып жатат
Концепт упаковки молока Molocow, созданный кыргызскими дизайнерами - Sputnik Кыргызстан
"Molocow" сүт азыктарынын таңгагына индиялык фирма кызыгып жатат

— Азыр өз алдыңызча иштеп жатасызбы?

Дизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев - Sputnik Кыргызстан
Италиялыктарга бут кийим, япондорго саат жасап берген Искендер
— Ооба. "Бамбуктан" кийин чет элдик эки компаниядан сунуш түштү. Кызыгы — биринчи сунуш ошол эле АКШнын Колифорния штатында косметика чыгарган компания экен. Өзүнчө эле тагдырдын тамашасы (күлүп). Алар менен келишим такталып жатат. Экинчиси — АКШ, Кытай жана Жакынкы Чыгышта суу май өндүргөн ири компания. Алардын логотибин, таңгактарын учурда жасап жатам. Ошентип жасаган эмгегим өзүмө реклама болуп берип жатат. Баса, ишмердүүлүгүмө Sputnik сайтынын дагы пайдасы тийди. Сиздерге өтүп кеткен кышта берген биринчи интервьюмдан кийин иштешели деп кайрылгандар көп болду.

— Рахмат, муну биз өз эмгегибиздин акыбети катары кабыл алалы. Маегибизди улантсак, идея келип калганда дароо чиймелей каласызбы?

— Ооба, антпесе тез эле эстен чыгып кетет. Мурда түн ичинде идея келсе, эртең менен эстейм деп уктап калчумун. Эртең менен турсаң, мээң бопбош (күлүп). Азыр болсо дароо телефонго же скетчбукка чиймелей коем. Кээде мээңе бир нерсе "тык" этет, ошол замат тартсаң, сонун логотип чыгат. Мисалы, "Таза коом" долбоорунун логотиби менин башымда 15 мүнөттө пайда болду. Мен ал кезде иштеп жаткан студияга буюртма түшкөн экен. Ишти мага тапшырып, эртең таң атпай тапшырышыбыз керек дешти. 15 мүнөттүн ичинде идея пайда болуп, бир саатта жибердим. Дароо жактырышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГрафикалык дизайнер Марсель Шейшенов: Чыгармачыл адамдар ушундай болот экенбиз. Ар бир жасаган нерсени жүрөктөн өткөрүп, балабыздай бапестейбиз. Анан ага эл көңүл бурса деп күтөбүз. Андай болбой калса, жаман болобуз
Графический дизайнер Марсель Шейшенов - Sputnik Кыргызстан
Графикалык дизайнер Марсель Шейшенов: Чыгармачыл адамдар ушундай болот экенбиз. Ар бир жасаган нерсени жүрөктөн өткөрүп, балабыздай бапестейбиз. Анан ага эл көңүл бурса деп күтөбүз. Андай болбой калса, жаман болобуз

— Кыргызстандын ичинде эмгегиңизди канча сомго баалайсыз?

— Бир фирмага командабыз менен логотип, бренд-бук жасап бергенбиз. Бардыгы биригип тогуз миң доллар болгон. Бул эми кез-кезде боло турган көрүнүш, катардагы компаниялардын иштери алда канча арзан жасалат.

— Мисалы, менин көп эмгек сарптаган макаламды эл жакшы окубай койсо, кадимкидей маанайым чөгүп, ишке көңүлүм тартпай калат. Сиздин эмгегиңиз ойдогудай бааланбай калганда кандай абалда болосуз?

Кыргызстанский дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз, казак жылдыздарын кийинткен баткендик бала. Жадатма буюмга жашоо коротпогула
— Чыгармачыл адамдар ушундай болот экенбиз. Ар бир жасаган нерсени жүрөктөн өткөрүп, балабыздай бапестейбиз. Анан ага эл көңүл бурса деп күтөбүз. Андай болбой калса, жаман болобуз. Бирок акыл менен караганда бул трагедия деле эмес. Анткени бардык адамдарга бирдей жага албайсың. Экинчиден, айрым учурлар болот, сиз айткандай, көп энергия жумшалган сапаттуу эмгекке жөн гана эч ким көңүл бурбай коет дагы, маанисиз эле бир нерсени баса калышат. Мен буга таң калбайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0