БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Медресе айылында жайгашкан "Абдыжапар" ислам институтуна кесипке үйрөтүүгө зарыл техника менен жабдуулар таратылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу" долбоорунун координатору Нарынбек Кыдыргычев билдирди.
Анын айтымында, мындай иш-аракеттер калкты иш менен камсыз кылуу, терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүү максатын көздөйт.
"Биздин негизги максат — медреседе окуган балдарга жашоо-турмушка керектүү ашпозчу, чач тарач, ширетүүчү сыяктуу кесипке үйрөтүү. Ошондой эле медресени бүткөн жаштарга жумуш таап, жеке инсандык жактан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү болуп саналат. Буга ылайык учурда 550 миң 665 сомго керектүү жабдуулар алынды", — деди Кыдыргычев.
Долбоор АКШ элчилиги тарабынан каржыланып, "АВЕП" кайрымдуулук фондусу тарабынан ишке ашырылууда.