Дарыгер: кан рагын дарылайм деп чогулткан акчасын жоготкон аял жер жаңырта бакырган

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар олуттуу, өлүмгө ашкере оорунун баарын "жаман оору" деп атап келген. Рактын башка түрлөрүнө салыштырмалуу ак кандуулук оорулууну жаш-карысына, аял-эркегине карабай тандайт. Биз бүгүн кан рагы, башкача айтканда лейкемия, ак кандуулук тууралуу кеп кылабыз.

Журналист Гүлдана Талантбекова Улуттук гематология борборунун дарылоо иштери боюнча жетекчисинин орун басары, дарыгер-гематолог Шербет Жусупованы кепке тартты.

"Бир жылдары ак кан менен ооруган баланы апасы карап жатып калды. Сарсанаа менен жүрүп энеси неврологиялык оору менен жабыркады. Бир күнү дары-дармек алганы дарыканага барса, акчасы жок. Капчыгын эбак эле жоготуп алыптыр. Бейтапкананы жаңырта бир ыйлаганы эсимде. Анан сооротуп, дарыгерлер акча чогултуп бергенбиз. Аркы палатада өзү ооруп жаткан бейтап 20 миң сомун берген", — деди баштан өткөн окуясын эстеген дарыгер.

Аны менен маектешүү минтип бейтаптардын абалын суроо менен башталды.

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаУлуттук гематология борборунун дарылоо иштери боюнча жетекчисинин орун басары, дарыгер-гематолог Шербет Жусупова
Врач национального центра гематологии Шербет Жусупованы - Sputnik Кыргызстан
Улуттук гематология борборунун дарылоо иштери боюнча жетекчисинин орун басары, дарыгер-гематолог Шербет Жусупова

Кан рагы тууралуу түшүнүк, түрлөрү

Дарыгер Шербет Колдошевнанын айтымында, лейкемия (лейкоз лейкемиянын синоними — ред.) же ак кандуулук — кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу. Лейкозго кабылганда кан пайда болуу бузулуп, кан пайда кылуучу органдарда, ошондой эле башка органдарда өсүп жетилбеген клетка элементтери, тагыраагы мутация жүрөт. Айрым ички органдар шишип, бузулат, жалпы организм жабыркайт. Иммунитет начарлап, абдан оор кабылдоолор көп кездешет. Лейкемиянын (же лейкоз) себептери: радиациялык нурдануу, вирустун кесепети, айрым учурда тукумдан тукумга берилет.

Ак кандуулук бейтапты түрүнө жараша жабыркатат. Спонтандык, радиациялык, ал эми өтүшүп кетсе катуу кармаган болуп айырмаланат.

Отдыхающие на пляже - Sputnik Кыргызстан
Күнгө күйүп калганда эмне кылуу керек? Жети кеңеш
"Лейкоздун бардык түрүндө кан пайда кылуучу органдар системалуу жабыркайт. Катуу кармаган лейкоз өтө тез өтөт жана канда мүнөздүү өзгөрүүлөр болот. Бул учурда ысытма болуп, аз кандуулук байкалат, ар кандай органдар канайт, жараланат жана жараксыз боло баштайт. Өнөкөт лейкоз коркунучсуз шишик болуп эсептелет. Анын ичинде өнөкөт лимфолейкоз, миелолейкоз, эритремия, миелом оорусу көп кезигет. Өнөкөт лимфолейкоз узакка созулуп, көк боор жана боор чоңоёт. Өнөкөт миелолейкоздо көк боор такай чоңоюп турат. Бул эки формасында тең кандагы лейкоциттер көбөйөт, бара-бара аз кандуулук күчөйт. Эритремияда бет, алакан көгүш кызгылт тартып, эритроцит жана гемоглобин көбөйөт. Лейкоздун башка формасынан айырмаланып, миелом оорусунда канда мүнөздүү өзгөрүү болбойт, бул учурда сөөк, айрыкча көкүрөк сөөгү жана омуртка ооруксунтат" — дейт дарыгер.

Оорунун белгиси

Дарыгердин айтымында, оорунун белгиси катары физикалык жактан чарчоо пайда болот. Кан тазалоочу түйүндөр шишийт. Дем алуу оорлоп энтигет. Боор жана көк боор шишип чоңоё баштайт, муундар сыздатып ооруйт. Тери түнкүсүн кара терге түшөт, кызыл тактар пайда боло баштайт, тилинип кеткен жерден кан агуу күчөйт. Дене табы жогору болуп, өңү бозоруп, кан азаят.

Инфекцияларды коргоочу элементтер азайгандыктан бейтаптар кандай ооруларды жуктуруп алуудан алыс болушу зарыл…

"Эгер адамда жогорудагыдай оорунун белгилери пайда болсо, дароо дарыгерге көрүнүп, текшерүүдөн өтүү зарыл. Убактылуу көрүнүш катары карап жүрө берсе, адамдын өзүнүн каны жоголуп, таза кандын ордун ак кан басат да, оору өтүшүп кетет. Оорусу өтүшүп кетсе, дарылоо да кыйынчылыкты жаратат" — дейт Колдошевна.

Дарылоо жолдору

Работа хирурга-отоларинголога в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Ак халатчандардын жашоосу: ичегиси чубалган аял, кызга айланган эркек
Шербет Колдошевна белгилегендей, бейтаптар өз билемдикке салып оору менен күрөшүүгө болбойт. Ак кандуулук оорусу жана анын формалары клиника-лабораториялык изилдөөдөн кийин гана аныкталат.

"Өнөкөт лейкоз канды анализдөөдө билинет. Миелом оорусу кан сары суусунун белогун атайын изилдегенде, кемиктен пункция алганда, сөөктү рентген менен изилдөөдө такталат. Өкмөт тарабынан 16 жашка чейинкилерге химиялык дарылоого каражат жагынан жардам берилет. Андан жогоркулар жеке каражатына дарыланат" — дейт дарыгер.

Кеңеш

Ак кан менен жабыркагандар ачуу тийген күндүн нурунан сактанып, суукка урунбай, жылуу жүрүшү зарыл. Жеген тамак таза, жаңы болушу керек. Көбүнчө канды көбөйтүүчү азыктарды колдонуу сунуш кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0