БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Үйгө орноп калган чаң адамды семирүүгө алып келүүсү ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Environmental Science & Technology журналына таянып кабарлады.
Окумуштуулардын жүргүзгөн тажрыйбасына ылайык, топтолгон чаң адамдын тамак-сиңирүү системасына, мээсиндеги табит келтире турган борборуна түздөн-түз таасирин тийгизиши ыктымал.
Мындан улам илимпоздор адам бир гана майлуу тамак же аз кыймылдоодон эмес чаңдан да семириши мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.