БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Түндүк Кореянын континенттер аралык "Хвасон-14" баллистикалык ракетасына жооп катары АКШ менен Түштүк Корея биргеликте машыгуу өткөрүп, ракета учурду. Бул туурасында РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, машыгуу шаршембинин таңында өткөрүлгөн. Анда "Жер-жер" үлгүсүндөгү ракета колдонууга берилип, Американын кургактагы аскерлери жана Түштүк Корея армиясынын жакынкы аралыктагы баллистикалык ракеталары сыноодон өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, 4-июль күнү Түндүк Корея континенттер аралык "Хвасон-14" баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялап, анын 2 802 чакырым бийиктикте ал эми 933 чакырым алыстыкка учканын билдирген.
Кийинчерээк Россиянын Коргоо министрлиги Түштүк Кореянын ракетасы 2802 эмес 535 чакырым бийиктикке көтөрүлгөнүн, ал эми алыстыкка 933 эмес, 510 чакырымга чейин учканын маалымдаган.