БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Чүй облусу менен Бишкек шаарынын айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июлда Чүй облусунун Константиновка, Луговой, Васильевка, Жогорку Ат-Башы, Гроздь, Пятилетка, Бирлик, Новопокровка, Селекционный, Орок, Жал, Сокулук, Саз, Ак-Жол, Жаңы-Жер, Новопавловка айылдарынын кээ бир көчөлөрүнө жарык берилбейт.
Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын Красный строитель, Көк-Жар, Кыргызстан-1, Ынтымак, Жогорку Орок жаңы конуштары менен Токтоналиев, Койбагаров, Абдумомунов, Герцен, Көлбаев, Чолпон-Ата, Шота Руставели, Логвиненко, Киев, Тоголок Молдо, Чуй, Космический, Минск, Багратион жана Кокчетавский көчөлөрүндө 07.00дөн 19.00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлүккө учурайт.