БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий комплексинин аймагынан бомба табылбаганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкканын маалымдады.
Анонимдүү билдирүү 2-июлда саат 6.00дөр чамасында келип түшкөн.
Комплекстин аймагы толугу менен курчоого алынып, окуя болгон жерге саат 12.00дө Бишкектен кинологдор менен саперлор келишкен. Бомбаны издөө иштери түн ортосуна чейин жүрүп, табылган эмес.
Учурда милиция бомба коюлду деп жалган маалымат тараткан кишини издеп жатат.