Ырыс Окенова: казак туугандардын киноөнөрүбүз боюнча айткандарына намыстандым...

© Sputnik / Табылды КадырбековИзвестный режиссер и продюсер Ырыс Окенова
Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч жылдан бери Ырыс Окенова "Ала-Тоо таңшыйт" музыкалык улуттук сыйлыкты уюштуруп, кино өнөрүнө ык алып, кыргыз маданиятынын бир өңүрүн тартууга аракет кылып келет.

Белгилүү режиссер жана продюсер, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс Окенова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Учурда мыктыларды аныктап сыйлык тапшырган салтанаттар абдан эле көп. Сиздердин "Ала-Тоо таңшыйт" музыкалык сыйлык тапшыруу аземи улуттук музыкага басым жасай турганы менен өзгөчөлөнөт. Сурайын дегеним, номинанттарга берилген сыйлыктардын барк-баасы канчалык?

Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Самара Токтакунова: жоолукту үчүнчү ирет башыман алып салаарда кемпир колдон алды
— Мамлекеттик сыйлыктын даражасы, албетте бийик. "Ала-Тоо таңшыйт" музыкалык сыйлыгы Маданият министрлиги менен биргеликте уюштурулуп келет. Калыстар тобуна он киши дайындалып, ар бир номинацияга үчтөн талапкер коюлуп мыктысы аныкталат. Көрсөтүлгөндөрдүн жараткан ийгиликтери, кылган эмгектери каралат. Кыргыз жергесинде алдыңкы орунга салттык музыка чыгышы керек деп ойлойм. Кайсыл бир убакта жеңил музыка үстөмдүк кылып, дээрлик кыргыз обондору бурмаланып, салттык музыканы алып жүрүүчүлөр, комузчу, аспапчы, элдик ырларды жандуу ырдагандар бааланбай калган. Биз салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдөн сырткары авторлордун эмгенин да эске алабыз. Аткаруучулар көп учурда чыгарманын авторун айтышпайт. Бизде автордук укук боюнча мыйзам чийки жазылгандай сезилет. Эгерде кайсы бир автордун укугу бузулса жөн гана 300-400 сом айып пул салынат. Авторлор деле эмгеги үчүн күйүп-бышпайт. Себеби, бул мыйзам менен укуктары корголбостугун жакшы билишет. Менинче, мындай башаламандык болбошу керек. Маданияты өнүккөн өлкөлөр мыйзамды биринчи орунга коюшат. 
© Фото / студия "СинемАрт Продакш"Белгилүү режиссер жана продюсер Ырыс Окенова: бизде автордук укук боюнча мыйзам чийки жазылгандай сезилет. Эгерде кайсы бир автордун укугу бузулса жөн гана 300-400 сом айып пул салынат
Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү режиссер жана продюсер Ырыс Окенова: бизде автордук укук боюнча мыйзам чийки жазылгандай сезилет. Эгерде кайсы бир автордун укугу бузулса жөн гана 300-400 сом айып пул салынат

— "Ала-Тоо таңшыйт" музыкалык сыйлык тапшыруу аземинде мурда ат салышкандар кайрадан катышты окшойт?

— Өткөн жылы жеңбей калгандар кайрадан катыша берет. Дагы да болсо токтобой эмгектенип жатат, чыгармалары чыгып жатат деген себеп менен көрсөтүлөт.

— Учурда салттуу музыканын аркалагандардын арасында атаандаштык күч эмес деп айтсак туура болобу? Анткени тирешүү бар жерде атаандаштар да көп болот эмеспи?

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кино жана театр актрисасы Назира Мамбетова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Назира Мамбетова: эмне үчүн театрдан алыстаганымды айта турчу күн келди
— Туура айтасыз. Улуттун жүзү — өнөр ээлери. Мага капа болушпасын, бирок, салттуу музыканын ээлери жалкоолукка алдырып жатат. Бар өнөрдү ар дайым өркүндөтүп туруш керек. Маселен, мыкты ырчы номинациясына келгенде чыныгы таланттарды коелу дедик. Бирок биздин форматтагы ырчылар чыгармачылык менен терин төгүп иштебейт экен. Айрымдары тойдун деңгээлине түшүп кеткендей. Сахнада, ырдоодо, кийинүүдө окшоштуктар көп. Көрүүчүлөр дайыма жаңылыкты, изденүүнү талап кылат. Бизде бир ырды беш-алты ырчы аткарган көнүмүш адатка айланган. Жакшы ырлар жок, жазылбай жатат деп айтышат. Менимче, азыр деле эң сонун авторлор, жаратмандар бар. Ошолорду жараштырып алган ырчылар жок болуп жатат.

— Ушундай музыкалык сыйлык тапшыруу менен жеңил-желпи чыгармаларды азайтууга мүмкүн деп ойлойсузбу?

— Эмгек жерде калбайт. Салттуу музыканы алып жүрүүчүлөргө кайсы бир деңгээлде дем-күч болот деп ишенем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү режиссер жана продюсер Ырыс Окенова: мага капа болушпасын, бирок, салттуу музыканын ээлери жалкоолукка алдырып жатат. Бар өнөрдү ар дайым өркүндөтүп туруш керек
Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү режиссер жана продюсер Ырыс Окенова: мага капа болушпасын, бирок, салттуу музыканын ээлери жалкоолукка алдырып жатат. Бар өнөрдү ар дайым өркүндөтүп туруш керек

— Уюштуруу ишиндеги каражат жагы кандай болду?

— Башынан эле коммерциялык максатты көздөгөн эмеспиз. Бардык чыгымдар Маданият министрлиги тарабынан каржыланды. Айрым уюштурууу иштерине "СинемАрт" продакшн студиясы жардам берсе, коомдук биринчи канал маалыматтык колдоо көрсөттү. Бизде башкы демөөрчү дегендер болгондор жок.

— Уюштуруучу катары сиздерге төлөнүп берилдиби?

Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Өзгө жердин өнөр дүйнөсүн багынткан кыргызстандыктар
— Биз берилүү, идея үчүн гана иштедик. "Ала-Тоо таңшыйт" музыкалык программасы коомдук каналда он жылдан бери көрсөтүлүп келет. Жыл сайын форматын өзгөртүп турганга аракет кылабыз. Акыркы жылдары жума сайын авторлордун чыгармачылыгы тууралуу сөз кылып, ырлары ырдалат. Ошол жактагы эле команда "Ала-тоо таңшыйт" улуттук музыкалык сыйлык тапшыруу аземин уюштуруп, өнөктөш катары Маданият министрлигин тарттык.

— Уюштуруу иштеринде оорчулуктар болдубу?

— Бул иште атайын чоң команда керек экендигин түшүндүм. Жумушка келип-кеткендей эле долбоордун артынан түшкон команда болсо, мындан да көбүрөөк майнап чыкмак. Жакынкы күндөрү автордук укук боюнча семинар өткөрүүнү пландап жатабыз. 

© Фото / студия "СинемАрт Продакш"Чыгармачылыкта мага багыт көргөзүп, долбоорду алып чыгышыма таасирин тийгизген — Дөөлөт. Анын ар тараптан колдоосу мага дем-күч берет
Режиссер, продюсер Ырыс Окенова и манасчы Доолот Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Чыгармачылыкта мага багыт көргөзүп, долбоорду алып чыгышыма таасирин тийгизген — Дөөлөт. Анын ар тараптан колдоосу мага дем-күч берет

— Катышуучулар арасында колдоп койгула деп кайрылгандар болдубу?

— Үч жылдан бери "калыстык болсун, мыктысы жеңсин" деген принципти карманып, ар бир ишибизде далилдеп келебиз. Себеби, бул сыйлык көп жашасын дейбиз. Калыстыктан тайсак, жасалма иштерди кылсак, келечеги деле болбойт. Ар бир адам өз ичинен деңгээлин билет. Жең ичинен колдоп койгула деп кайрылгандар болгон жок. 

— Ачылышында Манас айтуу менен жолдошуңуз Дөөлөт Сыдыков чыкты. Жакын адамың дайыма жаныңда жүргөнү чоң кубат берсе керек…

— Чыгармачылыкта мага багыт көргөзүп, долбоорду алып чыгышыма таасирин тийгизген — Дөөлөт. Анын ар тараптан колдоосу мага дем-күч берет. Бизди чыгармачылык, сахна тааныштырган. Бир сахнада ал Манас айтса, мен алып баруучу болгом. Мамиле куралы деп өзү кеп баштап, алгач кыргыздын көөнө сөздөрү менен жазылган ырларды арнаган. Алгач башка доордун адамын көргөндөй суктанып, таң калгам. Бара-бара Дөөлөттүн жан дүйнөсүнүн тазалыгын, айкөлдүгүн, адамдык парасатын, бийиктигин көрдүм. Азыр болсо жараткан кошкон жар болуп, балдарыбыз менен бактылуу, очор-бачар үй-бүлөбүз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрыс Окенова: кино мен үчүн чоң арена. Быйыл алдыма кино тартышым керек деген планды койдум
Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Ырыс Окенова: кино мен үчүн чоң арена. Быйыл алдыма кино тартышым керек деген планды койдум

— Коомчулукка режиссер катары да таанымалсыз. Кино тартуу жагы кандай болуп жатат?

Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан
Радио
Актриса Асанбекова: мааниси терең кыргыз тасмаларына тартылгым келет
— Бир нече ай мурда "Кыргызфильмде" жайгашкан "Ырыскы-арт" аттуу компания ачылды. Ал жерде сериал, кино, түрдүү долбоорлор тартылат. Кино мен үчүн чоң арена. Учурда эки сценарий бар. Буюрса, жакынкы жылдары кино аркылуу ойлорумду берейин деп жүрөм. Адам өзү үчүн жашабастан, коомго да пайдасын тийгизиши керек деп ойлойм. Жеке студиялар тарабынан кино тармагы өсүп жаткандыр. Бирок кыргыз киносунун өсүшүн байкай алган жокмун. Бир нече жыл мурун мен режиссерлукту аркалап, казактар менен кино тартмай болгонбуз. Бирок кино тартылбай калды. Себеби, казактардын сценарий боюнча талабы бизге ылайык келген жок. Тасманы тартуудан биринчи баш тарттым. Бир нече сөз болду. Ачык эле "шаарыңар таштанды, кино тармагыңарда жаңылануу, өсүш деген жок" деп шылдыңдагандай эле айтышкан. Намыстанганым менен алардын да айтканы чын да… Бизде көп иштер сөз жүзүндө калып жатат.

— Жакынкы жылдарга кандай пландарыңыз бар?

— Быйыл алдыма кино тартышым керек деген планды койдум. Тасмалар "Ырыскы-арт" компаниясынын атынан тартылат. Үй-бүлө жаатында балдар чоңоюп калышты. Эне катары ар бирине жеке мамиле кылып, инсандык жактан өнүктүрүүгө салым кошушум керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0