Кадыр түнгө байланыштуу 9 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековМечитте кадыр түн тозуп жаткан бала. Архив
Мечитте кадыр түн тозуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыр түн орозо айындагы касиеттүү түн деп эсептелет. Бул түнү мусулмандар таң аткыча уктабастан жакшы ой-тилек менен элге тынччылык, токчулук, бейпил турмуш каалап, жакшылыктарды тилеп, куран окуп өткөрөт.

Миң айга тете болгон бул түндү кантип туура өткөрүү керек? Ыйык түндө эмнелерге тыюу салынып, эмнелерге уруксат берилерин Sputnik агенттигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу түшүндүрүп берди.

Намаз окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо кармагандарга тиешелүү 9 "болбойт"
Ичимдик ичкенге болбойт. Бул түнү адам тазаланып, жакшы тилектерди айтуу менен тосуусу зарыл.

Көңүл ачуучу жайлардан тоспойт. Кадыр түндү үйдөн же мечитке барып тоскон оң.

Кадыр түндө ушак айтып, жаман сөз сүйлөшпөйт. Негизи бул түн миң айдан да артык деп айтылат. Эгерде Кадыр түнү эки ирет намаз окусаңыз, 83 жыл окуганга барабар болору айтылып келет.

Уктап калбайт. Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин, башкача айтканда, күн чыкканга чейин тосулат. Бирок таң атканча отурууга мүмкүнчүлүк жок болсо, жок дегенде ооз жабарга чейин дуба кылып, эки рекет намаз окуп отуруу максатка ылайык болуп саналат.

Дүйнө сөзүн сүйлөшпөйт. Кадыр түнү "периштелер жер бетине түшкөндүктөн колдон келсе дүйнө сөзүн сүйлөшпөй тилек айтып, жакшы ниет коюу керек" деп айтылат.  

Сериал, тасма, көңүл ачуучу берүүлөрдү көрбөйт. Кадыр түндө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиясы бар маанилүү тасмаларды көргөнгө гана уруксат. Кадыр түндү бекер өткөрүп жибербөө керек.

Шаан-шөкөт кылып ырдап, чоордоп өткөрбөйт. Кадыр түндү дос-тааныштардын баарын чогултуп алып, шаан-шөкөт кылып ырдап-бийлеп өткөрүүгө ислам дини жол бербейт. Андан көрө ошол эле жоро-жолдоштор менен ак дасторкон четинде баяндарды айтып отурса сообу көбүрөөк тиет.

Горное пастбище в Суусамырской долине - Sputnik Кыргызстан
Акка байланыштуу 9 "болбойт"
Адамдын саны эсептелбейт. Кадыр түндү адам жалгыз деле тоссо болот. Бирок эгер жакын туугандары же достору жок болуп жатса жакынкы мечиттерге деле барса болот. Анткени бул күнү бардык мечиттердин эшиги ачык болот.

Аялдар чогулуп тосконго болбойт. Кыз-келиндер чогулуп өткөргүсү келсе мечитке барганы туура. Болбосо өз-өз үй-бүлөсү менен тоссо,  сообу көбүрөөк тиет. 

Кадыр түн Рамазан айындагы берекелүү, кадырлуу түн деп эсептелет. Бул түнү жетинчи асмандан жер бетине Куран түшүп Рух (Жебреил периште) Мухаммед пайгамбарга тапшырган.  Ошондой эле бул түнү жер бетине периштелер түшөт деген ишеним бар.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0