Актриса Асанбекова: мааниси терең кыргыз тасмаларына тартылгым келет
Актрисалык карьерасы 45 жашында Россиянын "Кухня" сериалына тартылып башталган Жаңыл Асанбекова бүгүнкү күнү 15тен ашык орус тасмасына тартылыпыр.
"Москвада жашаганыма 30 жылга чукулдап калса да, мекениме тез-тезден келип, жайкысын Ысык-Көлгө эс алып кетип турам. "Кухня" сериалы тушоомду кескенден бери комедия, драма жанрындагы орустун 15ге чукул тасмасына тартылып, мугалимден тарта, машыктыруучуга чейинки ролдорду жараттым. Кыргыз режиссерлорунун мааниси терең тасмаларына сунуш түшсө, кубануу менен тартылат элем, — деди Асанбекова.
Кыргыз актрисасы учурда үй-бүлөсү менен Москва шаарында турат. Ал баңги бизнеси менен алектенип, мигрант аялдын образын жараткан "Разбуди меня" тасмасы жакын арада Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлүп калат.