БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкек, Токмок жана Кадамжай шаарларынын айрым жерлеринде газ беш күн жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 19-июнда Токмок шаарынын Шамсинкий, Кадамжай шаарынын Школьный көчөлөрүндө газ өчүрүлөт.
Чүй облусунун Орто-Сай айылында 19-июндан 23-июнга чейин көгүлтүр от берилбейт. Ал эми борбор калаанын Медеров, Элебаев, Леваневский, Жукеев-Пудовкин, Гранитный көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө жана эл жашаган "Ницца", "Салтанат" аймактарында 20-21-июнда газ жок болот.
Оңдоо иштерине байланыштуу ошондой эле 21-22-июнь күндөрү Медеров, Матросов, Карасаев, Жаш Гвардия көчөлөрүндө, 22-23-июнда Курманжан датка, Саратов, Западный көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүнө газ берүү иши үзгүлтүккө учурайт.