БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде велосипедчен адам жол кырсыгына кабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-июнь күнү саат 9.00дөр чамасында Таш-Мойнок менен Беш-Күңгөй айылдарынын ортосундагы жолдо болгон.
"Рулда аял отуруптур. Кырсыктан кийин ал жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Кийинчерээк ооруканага жеткирилди", — дешти милициядан.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.