БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Казакстандын Көкшетау шаарындагы өз үйүнөн Акмоло облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын төрайымы Жанна Бердыгулованын сөөгү табылганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
13-июнь күнү эртең менен Бердыгулованын айдоочусу адаттагыдай эле маркумдун үйүнө келген. Телефонуна жооп бербегендиктен ал соттун үйүнө эшигин ачып кирип, 46 жаштагы аялдын сөөгүн тапкан.
Бул факты боюнча укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин 99-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аялды өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы киши кармалды.
Жанна Бердыгулова бир жумадан кийин Алматыга которулуп кетмек.