БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары Бангалор шаарында беттешет. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынан билдиришти.
Азия-2019 кубогунун тандоо турунун алкагындагы оюн 13-июнда Sree Kanteerava стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат. Ата мекендик команда ал жакта оюн алдындагы машыгууларын өткөрдү.
Аталган беттеште өлкөнүн курама командасынын капитандык милдетин жарым коргоочу Мирлан Мурзаев аткарат. Себеби капитан Азамат Байматов менен вице-капитан Валерий Кичин алган жаракатына байланыштуу оюнга катыша албайт. Буга чейин кыргызстандык команда өз үйүндө Макао менен ойноп, аны 1:0 эсебинде утуп алган.