00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кибер алдамчылык: улуу муун эмне үчүн көбүрөөк жабыркайт жана кантип сактануу керек?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Стресстен кантип арылабыз?

Жазылуу
Убакыт учкан куш демекчи жай мезгилининин алгачкы айы да ортолоп калды. Ар бириңиздерге жемиштүү күн каалап кечээки күнкү жаңылыктарга көз жүгүртөлү.

39 жашка чыккан актер Азиз Мурадиллаев. "Курманжан датка" тасмасындагы саясий ишмер Алымбек датканын образын жаратуу менен калың элге таанылган актер Азиз Мурадиллаев кечээ 39 жашын белгиледи. Илдетке кабылып жакында эле сакайган актерге алгач эле ден-соолук тилейли. Ал эми сырдуу жана муңдуу көз карашка ээ актер тууралуу кызыктуу 7 фактыны бул жактан окуңуздар.

Ден-соолук демекчи, кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова көбүнчө аялдар тушуккан стресс, депрессиянын себептерин териштирип, ал эмнеден келип чыгаары тууралуу кеп кылган. Стресске кабылбайын десеңиз бул материалды сөзсүз окуңуз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүмбөттөлгөн бет, туурулган кол. Шаардагы таштанды жайда иштеген балдар
Мусорный полигон в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чүмбөттөлгөн бет, туурулган кол. Шаардагы таштанды жайда иштеген балдар

Акчага байланган балдар. 12-июнь балдар эмгегинин эл аралык күнүн утурлай кабарчылар шаардык таштанды жайга барып, ал жакта жан багып, акча таап жүргөн өспүрүмдөрдүн тагдырына күбө болуп келди. Айрымдары окуудан чыгып ата-энесине жардамдашып иштөөгө мажбур болсо, кээ бири эптеп эле каражат чогултуунун айласын көргөндөр

Ата-Бейиттин сырлары. Бул мемориалдык комплекстеги трагедиялуу тагдырлар жана анын ичиндеги комплекстер тууралуу Нургүл Максүтова кызыктуу материал жасады

Адамдан амал качып кутулбайт. Милиция кызматкерлери тарабынан баңгизат жайылтуунун жолдору жок кылынып жатат. Ойго келбеген ыкма менен баңгизат ташыган кылмышкерлердин кылыгын көрүп оозуң ачылат. Бири героинди пиязга салса, кээси нашааны балга аралаштырып койгон. 

Абайлачы айдоочу. Бишкек — Торугарт жолунда автокырсык болуп, андан жети киши жабыркаган. Кырсыктын себепкери BMW үлгүсүндөгү унаа айдаган 19 жаштагы бала болгон. 

Театрга баралы. Республикалык театр фестивалы ачылды. Мындан улам 12-июндан 15-июнга чейин эч нерсеге карабай жан дүйнөнү эс алдырып, театрга барып кызыктуу спектаклдерге күбө болуп келиңиздер. Ал эми программасы бул жакта толук жазылган. 

Бүгүн өлкөдө күн күркүрөп жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.34 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 43.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы сөз жан эргитет. Андыктан жагымдуу сөз айтуудан тажабайлы.

Жалпыңыздарга жакшы күн каалап Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0