Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн күркүрөп, жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 27…32 градус, Таласта 26…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 28…33 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 15…21 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында 30…32 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0