Журналист Гүлдана Талантбекова стресс жана депрессиянын себептери, кесепети жана андан чыгуунун жолдору тууралуу кеп кылат.
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикованын айтымында, стресс — жагымсыз окуялардын тийгизген таасири, ошондон улам киши тушуккан абал. Адам кыска мөөнөткө өзүн жоготуп, кудум эле асман түшүп кеткендей сезет. Стресс өрчүү деңгээлине жараша чоң жана кичине деп бөлүнөт. Кичине стресс майда-барат нерседен келип чыгат. Бир жагынан организмди анда-санда майда стресстер менен чочутуп туруу пайдалуу экен. Антпесе адам чоң стресске туруштук бере албай калат. Ал эми стресстин жыйындысы депрессия деп аталат.
"Депрессия болгон адамдын маанайы бузулулат, адамдар менен сүйлөшкөндү каалабайт, уйкунун качышы же тескерисинче, уктай берүү байкалат, кыжырданат, тынчсызданат, чарчайт, арыктайт же толуп кетет. Ыйлаак болуп калат, чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү азаят. Башкача айтканда, "чын жүрөктөн баары бир" деген кишиге айланат. Депрессияга көңүл бурбай, анын менен күрөшпөсө, ал адамды жан кечтиликке жетелеши мүмкүн", — деди психолог.
"Маселен, эшикте шамал болуп жатса сизге жагымдуу туюлганы менен мен үчүн ыңгайсыз сезилиши мүмкүн. Баланын кичинекей кезинен тарта социалдык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрсө, мамиле курганды үйрөтсө, айланадагы процессти, жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл ала алса стресске туруктуу болуп чоңоет", — деди Чынара айым.
Кайгы-капанын капканында калбаш үчүн эмне кылуу керек?
Ошондой эле стресстен чыгууга спорт менен машыгуу, сүйгөн ишиң менен алектенүү, жакын адамдарың менен баарлашуу, сүйгөн тамагыңды жасоо, дүкөн кыдыруу сыяктуу күнүмдүк нерселер жардам берет.
Психологдун айтымында, эгер стресстен арылуунун жолун таппай кыйналган учурда адиске кайрылуу зарыл. Адам болуп өткөн нерселерди унуттум дегени менен дене бардыгын сактап калат. Денедеги ачуу кайгы-капаны чыгарууга психотерапевт жардам берет. Анткени, эртеби-кечпи, ар бир адам стресс менен депрессияга дуушар болот.
"Невроз оорулары — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин жыйындысы. Иш кылганда булчуңдар чарчаса, нерв түрдүү маалыматтардан чарчайт", — деди Бекбоев.
Сиз бул төртөөнүн кайсы түрүнө киресиз, биле жүрүңүз
Дарыгер стресс менен депрессия адамдын кулк-мүнөзүнөн да көз каранды экенин белгиледи. Атам замандан бери мүнөздөр төрт түргө бөлүнүп келет.
Пневматиктер — териси калың адамдар. Алар жөнөкөй нерсеге жооп кайтарбайт, чыдамкай келишет. Бирок ошол абалдан чыгып кетсе өтө коркунучтуу. Жан дүйнөсү талкаланса, көп убакытта калыбына келет.
Холериктер — териси жука адамдар. Маалыматты бат кабыл алып, ага реакция жасап ийишет дагы кайра тез чыгарып салат.
Сангвиниктер — маалыматты орточо кабыл алышат.
Меланхоликтер кыргызча айтканда "асан кайгылар". Болор-болбоско эле кайгырып, маанайын чөктүрө беришет.
Дарыгер белгилеп кеткендей ар бир адам уникалдуу. Неврологиялык ооруларды дарылоодо адис менен кеңешүү зарыл.