00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Особый акцент
ЭКГ, УЗИ сердца и СМАД: какие обследования помогают выявить болезни сердца
14:06
60 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Что нового подготовили организаторы VI Всемирных игр кочевников в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кыргызстан между санкциями и экономикой — чем грозит ЕС?
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Муштуму менен таш талкалап, булбулча сайраган "Таш чабардын" өнөрү

Жазылуу
Буга чейин тиши менен темир айрыган, самолет сүйрөгөн жана чыпалагы менен автобус тарткан балбандар чыгып, Кыргызстан эле эмес, дүйнө элин да таң калтырышкан. Эми алардын катарына дагы бир кара күчтүн атасы кошулуп отурат.

Эл арасында "Таш чабар" атка конгон Улан Чыныбаев муштуму менен таш талкалоо өнөрүнө ээ. Сайдын муштумдай болгон таштарын бир заматта чемичке чаккандай талкалап салганына өз көзүбүз менен күбө болдук.

Улан Чыныбаев 37 жашта. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын кулуну. Ал тогуз жылдан бери Бишкектеги дөңгөлөк желимдөөчү жайлардын биринде иштеп келет.

"Бала чагымда тоо-таштын арасында жүрүп аскер кызматында иштөөнү кыялданчумун. Бирок атам дүйнөдөн эрте өтүп кеткенине байланыштуу апама жардам берип жогорку окуу жайга тапшырууга шарт болбоду. Алгач мектепти аяктап жатканда сууда ойноп жүрүп бир жалпак ташты чаап көрсөм сынып калды. Ошондон тарта кызыгуум күчөп, чоң таштарга өтө баштадым", — деди Чыныбаев.

Ал бул өнөрдү атайын үйрөнбөгөнүн белгилеп, айрым ишенбеген адамдар "колуңда темириң жокпу?" деп таңыркап кармап көрүшөт дейт.

Чыпалак баатыр Зарылбек Аликенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара күчтүн аталары же кыргыздан чыккан азыркы балбандар
"Таш талкалап жатканымды айылдык бир аксакал көрүп калып эстеликке сактап жүрөйүн деп таштын сыныктарын үйүнө алып кеткен. Кийин курулуш тармагында бирге иштеп жүргөндө балдарга да көрсөтүп койгом. Анан түшкү тамакка тыйын жетпей калган учурда айылдагылар менен акчага мелдеше коюп тамак алдырчубуз", — деди балбан.

Ал эми таш сындырган колдор адамга тийсе соо койбосо керек деп сураганыбызда Улан мырза бейбаштыктан алыс экенин айтып, өмүрүндө бир да киши сабап көрбөгөнүн белгиледи.

"Башында ташты катуу уруп алганда колум этинен ажырап кеткен учурлар да болгон. Бирок кайра эле кызыгуум күчөп таштай албай койдум. Муну армиядан келген бир досум көрүп, бөтөлкө да сындырууну сунуштаган. Бирок колум кесиле бергенинен катуу зыян келтирип албайын деп токтотуп койдум", — деди Чыныбаев.

Мындан сырткары, ал эриндерин эки жакка бурап, булбулча үн салып жана милициялардын ышкырыгын туурап ышкыра алат. Ал мындай өнөрлөрү менен келген кардарларынын да көңүлүн алып турат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0