Кыргыз циркинин алпы Кадырбек Тажиев журналист Гүлдана Талантбековага эмне себептен түркүктү сүзө берээрин, жашоодо өкүнгөн, сүйүнгөн нерсеси жана 70 жашты эмнеге сезбей жатканын айтып берди.
— Агай, мен кичинекей чагымда шартка байланыштуу циркке барбай калгам. Эми чоңойгондон бери кичинекей балдарды коштоп барып жүрөм. Сиздерге балдардын көңүлүн ачуу оңой болсо керек?
— Кичинекей балдарды алдай албайсың. Адамга кызыл-тазыл кийим кийгизип, мурун жасап, манежге чыгарып маскарапоз кылып коюу оңой. Бирок элдин кабыл алуусу түрдүү болот. Элди күлдүрүп, маскарапоз болуш үчүн көкүрөктө жаш бала жашаш керек.
52 жылдан бери циркте иштеп келе жатам. Манежге чыкканда элдин дуу кол чабуусунан, балдардын түртүп, кийимден тарткылаганынан, тентектерин акырын уруп, тээп кеткендеринен ырахат алам. Балдардын маскарапоз алдында өздөрүн бейкапар сезиши эң таттуу нерсе. Маскарапоз бул кесип эмес, ал — жашоо.
— Чындыгында кабинетиңизге кирген адамдын маанайы көтөрүлөт экен. Түркүн сүрөттөр, ар бир бурчта бирден клоун оюнчуктар…
— Жашоомдун баарын шаңдуулук ээлеп алган. Кайда жүрбөйүн адамдарды тамашага салгым келе берет. Көчөдө кетип баратып калп эле жыгылып, түркүктү сүзүмүш болуп калам. Анан жаштар жүрөгү түшүп чуркап келет. Анан акырын кучактап, жыттап "мобугул атырыңдын аты эмне" десем, ии "Кадырбек байкенин тамашасы турбайбы" деп калышат. Бир жолу машинеде кетип бара жатсам, көчөдө үч кыз айтышып жатат. Жакын барып "мендей болуп жылмайсаңар" десем, күлүп башка темага өтүп кетишти. Анан машиненин терезесинен акырын карасам, бирөөсү сөөмөйүн мээсине чимирип акылынан айнып калган го деп жатыптыр.
— Анан ошентип жыгылып калганда көрмөксөнгө салып койгон учурлар болобу?
— Биздин жаштар абдан кайрымдуу. Жардам керек болсо чуркап келишет. Улуу-кичүүнү сыйлоо деген бизде жакшы сакталган. Ошол эле боордош казактар орус чалыш болуп кетти. Эл маскарапоз дегени менен бул жашоо өзү ошондой.
— Кандайча?
— Мисалы, сиз азыр мени менен башкача сүйлөшүп жатасыз, көчөдөн башкачасыз, ишке барсаңыз, үйгө барсаңыз таптакыр башкачасыз, туурабы? Мени маскарапоз дегендерге "ооба, бирок силерге салыштырмалуу дипломум бар" деп айтам. Мен жашоомо ыраазымын. Кайра төрөлсөм ушул эле жолду тандамакмын. Бирок айрым нерселерди өзгөртөт элем.
— Мисалы эмнелерди өзгөртөт элеңиз?
— Бала кезде абдан тентек, бетке чаап сүйлөгөн бала болчумун. Бирөө бирдеме десе эле каным кайнап баса калчу элем. Андан да ачуум тарабаса аттын жалынын тиштеп алып ыйлачумун. Себеби жашоодо сүйүнгөн күндөр менен кошо пикир келишпестиктер, ызаланган, жер тепкилеген, ишенген достор сатып кеткен учурлар көп болду.
— Цирк эмне үчүн чоңдорго арналган эмес?
— Азыркы заманда балдарды да, чоңдорду дагы күлдүрүү абдан кыйын. Мурун маскарапоздор келе жатат дегенде, элдин баары колун жайып тосуп алышчу. Азыр кызыктуу нерсенин баарын интернет тартып алды. Кыргыз цирки десең эч ким келбейт. Анан эле чет мамлекеттен келишти десең өзгөчө кабыл алышат. Болбосо программабыз көп жагынан окшош.
— Силердин тамашаларга күлбөй да калган учурлар болобу?
— Чыккан программаларга эл күлбөй койсо, сыр бербей өзүбүз күлүп алып чыгып кетебиз. Экинчи-үчүнчү жолу койгонубузда дагы күлүшпөсө алып салабыз. Даярданып жатканда бардыгы укмуштуудай сезилет. Көрөрман биз жасап жаткан иштин жыйынтыгын гана көрөт. Маселен, Никулиндин жумуртканын үстүнө келип отурган номери бар. Алар ошону 55 жыл даярданып ишке ашырышкан.
— Элдин баары 70 жаш деп жатышат. Бирок мен аны сезе элекмин. Азыр ошо жетимиштин нөлү жоголду. Башкача айтканда бала кыял болуп калдым. Майда-барат нерсени көңүлгө алып калат экенсиң. Жаш кезде жыргап эле жүрчүбүз, азыр таң калып жатам. Ошондой эле цирктин ишин дагы да улантам.