БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Ала-Тоо" аянты менен анын айланасынан 50 куб метр же беш КамАЗ таштанды алып чыкканын муниципалитет билдирди.
Майрамга карабастан "тазалыкчылар" аянтты тазалоону саат 21.00дө баштап, түнкү 2ге чейин улантышкан. Ага "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери жана атайын техника тартылган.