БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүнтөн тарта 6-июнга чейин түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөргө газ берүү токтотуларын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Төмөндө газ берүү чектеле турган аймактардын тизмеси:
- Чүй проспектиси, Ибраимов, Москва жана Калык Акиев көчөлөрү;
- Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев, Фрунзе, Путепроводный, Ибраимов көчөлөрү жана Аламүдүн суусу;
- Фрунзе, Ибраимов, Шопоков көчөлөрү жана Чүй проспектиси;
- Лев Толстой, Элебаев, Кулатов жана Байтик баатыр көчөлөрү;
- "Жыргал" мончосу.
Мекеменин маалымат кызматы мындай аракетти иштери коопсуздукту сактоо жана газ берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында жүргүзүлүп жатканы менен түшүндүрдү.