БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Талас суусуна чөгүп кеткен 10 жашар кыздын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 29-май күнү болгон. Кичинекей кыз саат 22.00дөр чамасында Миң-Булак айылындагы Талас суусуна агып кеткен.
Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылып, сөөк 30-майда түшкө маал табылган.