Алайда 20 жылдыктар мыкты окуучу менен мугалимге Дубайга жолдомо белек кылды

© AFP / PATRICK BAZВид на туристический отель в Дубае
Вид на туристический отель в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалимдердин эмгегин баалап, окуучуларды билим алууга шыктандырган 20 жылдыктар мектебин ойго келбеген белектер менен кубандырды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Алай районунун Каблан-Көл айылындагы №25 Эшкул Мурзаев атындагы мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү эң мыкты окуучу менен мугалимге Дубайга 10 күндүк эс алууга жолдомо алып берди. Бул туурасында мектеп директору Зина Абдыкадырова билдирди.

© Фото / Элдос АкылбековМугалимдердин эмгегин баалап, окуучуларды билим алууга шыктандырган 20 жылдыктар мектебин ойго келбеген белектер менен кубандырып, эң мыкты окуучу менен мугалимге Дубайга 10 күндүк эс алууга жолдомо алып берди
Учительница школы №25 Бурул Садыкова - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдердин эмгегин баалап, окуучуларды билим алууга шыктандырган 20 жылдыктар мектебин ойго келбеген белектер менен кубандырып, эң мыкты окуучу менен мугалимге Дубайга 10 күндүк эс алууга жолдомо алып берди

Өзгөчө белек 25-май күнү акыркы коңгуроо кечесинде тапшырылган.

"Алардын сыйлыгына тарых сабагы боюнча облусттук олимпиададан 2-орунду алган 11-класстын окуучусу Медина Асан кызы жана анын жетекчи мугалими Бурул Садыкова татыды. Ал эми география сабагынан райондук олимпиададан биринчи, облустан 4-5-орундарга жетишкен эки окуучуга ноутбук берилди", — деди мектеп директору.

Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди - Sputnik Кыргызстан
Кочкор: 20 жылдыктын ак пейил жигиттери оорулуу кишинин бүлөсүнө үй куруп берди
Демилгечи жаштардын бири Уланбек Амираев жолдомо алган окуучу мугалими экөө Дубайга кыш айларында барып эс алып келерин айтты. Эки кишилик жолдомонун баасы 1200 доллар болгон.

"Былтыр да Максат Бакиров аттуу классташыбыз демөөрчүлүк кылып мектептин алдыңкы эки мугалими менен окуучусуна Кытайдын Үрүмчү шаарына 10 күндүк эс алууга жолдомо белек берген. Анын таасири менен башка окуучулардын окууга кызыгуусу артып, быйыл 53 мектеп катышкан райондук олимпиададан 16 окуучу алдыңкы орундарга жетишти. Ал эми жалпы көрсөткүч боюнча мектеп биринчи орунду ээледи", — деди Амираев.

Ошондой эле ал башкы максат — жаштарга дүйнө жүзүн көрсөтүп жакшы окууга стимул берүү, ошол эле учурда мугалимдердин да мээнетин эске алуу менен сапаттуу билим берүүсүнө шарт түзүү экенин белгиледи.

© Фото / Улан Амираев20 жыл мурункү бүтүрүүчүлөр жолдомодон сырткары мыкты эки окуучуга ноутбук жана окуу жылынан тарта үлгүлүү 10 окуучуга ар чейрек сайын 500 сомдон стипендия чегерип туруу үчүн 20 миң сом бөлүп берген
Выпускники окончившие 20 лет назад школу села Кабылан-Кол Алайского р-на  - Sputnik Кыргызстан
20 жыл мурункү бүтүрүүчүлөр жолдомодон сырткары мыкты эки окуучуга ноутбук жана окуу жылынан тарта үлгүлүү 10 окуучуга ар чейрек сайын 500 сомдон стипендия чегерип туруу үчүн 20 миң сом бөлүп берген

"Быйыл да классташтарыбыз менен кеңешип билим берүү тармагына колдоо көрсөтүүнү чечтик. Анын алкагында мыкты эки окуучуга ноутбук жана окуу жылынан тарта үлгүлүү 10 окуучуга ар чейрек сайын 500 сомдон стипендия чегерип туруу үчүн 20 миң сом бөлүп бердик. Мындан сырткары, мектепке 32 миң сомдук музыкалык аппаратура тапшырдык", — деди Амираев.

Окуучуларынан белек алган 51 жаштагы мугалим Бурул Садыкова ойго келбеген белек алганын айтып кубанычында чек жок экенин белгиледи.

Постройка трехкомнатного дома для женщины с ограниченными возможностями здоровья с двумя детьми Акгул Акматалиевой - Sputnik Кыргызстан
Элеттиктердин элге жасаган иштери: көчөт тигип үй куруп бергенге чейин
"28 жылдан бери мектепте жана айыл өкмөттө жетекчилик кызматтарды аркалап келгем. Соңку эки жылдан бери катардагы мугалим болуп иштеп келе жатам. Олимпиадага 9-11-кластардардан үч окуучу даярдагам. Алардын ичинен Медина Асан кызы облуска чейин барып экинчи орунду багындырган. 20 жылдыктардын мындай белеги окуучум экөөбүзгө тең күтүүсүз жерден кубаныч тартуулады. Эмгекти баалап, билимге көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем", — деди Садыкова.

№25 Эшкул Мурзаев атындагы мектепти 1997-жылы жалпы 56 окуучу аяктаган. Учурда ал мектепте жалпысынан 490 окуучу билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0