БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Борбор калаада суу ташыган унаа бир адамды сүзүп, ал каза болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.
Кырсык 25-май күнү болжол менен саат 19.15терде "Ала-Тоо" жаңы конушунда катталган.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы адам эки көчөнүн кесилишиндеги жолдон өтүп баратканда аны ГАЗ-53 унаасы коюп кеткен. Эркек киши ошол эле жерден каза тапткан.
36 жаштагы айдоочу милиция кызматкерлери келгиче эч жакка кеткен эмес, Текшерүү учурунда анын соо экени аныкталды. Учурда унаа айып короого токтотулуп, иштин материалдары тергөөгө өткөрүп берилди.