БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Чүй районунун Султан айылынан Бурана суусуна агып кеткен 66 жаштагы аялдын сөөгү 25-майда табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Аны издөө иштерине ӨКМдин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Кечээ саат 12:10дор чамасында куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.