БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн эки күндүк "Техникалык абал" рейдинин жыйынтыгында 2273 протокол түзүлдү. Алардын ичинде шаардык кеңештин депутаты дагы бар. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдыжапаров билдирди.
Эреже бузгандардын бири Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болуп чыкты. Ал унаасынын алдыңкы айнектерин караңгылатып алганы үчүн эки миң сом айыпка жыгылды.
"Бузулган унааларды башкарган айдоочулар мындан кийин деле каттала берет. Техникалык абалы начар унааларды колдонууга тыюу салыш керек. Себеби алар жолдогу айдоочуларга тоскоолдук жаратып, коркунуч туудурат", — деди Абдыжапаров.
Мындан сырткары, Кайгуул милиция кызматкерлери маршруткалардын да абалын текшеришти. Техникалык көзөмөл бөлүмүнүн инспекторунун айтымында, алардын көпчүлүгүнүн отургучтары техникалык паспортко туура келбейт. Маршрутка айдоочулары бир нече ирет эреже буза турган болсо, алар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.