БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын он балбаны дзюдо боюнча Түркияда өтө турган Гран-при мелдешине катышат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Анталия шаарында 7-9-апрелде өтө турган мелдешке өлкөнүн дзюдо курама командасы 10 спортчусу жана башкы машыктыруучусу менен барат. Балбандарга Дзюдо федерациясы менен спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция каржылык колдоо көрсөтөт.
Аталган мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Гонг-Конг шаарында 26-майдан 28-майга чейин өтө турган Азия биринчилигине жолдомо берилет.