НАСА Өзгөндөгү жер көчкүнүн спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады

© NASAФотографии сошедшего оползня в селе Курбу-Таш Узгенского района Ошской области опубликованные Американским космическим агентством NASA
Фотографии сошедшего оползня в селе Курбу-Таш Узгенского района Ошской области опубликованные Американским космическим агентством NASA - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курбу-Таш айылына түшкөн жер көчкүнү Landsat спутнигинен тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 21 май — Sputnik. Американын космостук НАСА агенттиги Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Курбу-Таш айылына түшкөн жер көчкүнүн спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады.

​Агенттик кырсыкка чейинки жана жер көчкү жүргөндөн кийинки эки сүрөттү чыгарды.

"Landsat 8 спутнигиндеги Operational Land Imager (OLI) аппараты 11-май күнү Курбу-Ташка түшкөн көчкүнүн сүрөтүн тартып алган. Жаңы кадрларда көрүнүп тургандай топурак күрөң түстө болуп турат. Салыштыруу үчүн сүрөттүн сол тарабынан үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде тартылган участокту көрүүгө болот", — деп НАСАнын отчетунда айтылат.

Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш менен Маркс айылдарынын ортосунда жер көчкү жүргөн - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндүн Жалпак-Ташында көчкү алдында калган турак жайлардын саны 48ге жетти
Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Курбу-Таш айылында үч ирет жер көчкү жүргөн. Биринчи көчкү 1-майда түшүп, 11 үйдү басып калган. Төрт күндөн кийин айылда кайрадан көчкү жүрүп, 35 үйдү жана 35 электр өткөрүүчү линияларын талкалаган. Көчкү акыркы жолу 11-майда түшүп, 45 турак үй менен үч социалдык объектти басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0