БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуу учурунда УКМКнын төрагасы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген.
Ошондой эле диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнү өркүндөтүү чаралары, террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу президентке айтып берди.