Токтосунова: айрым жеке каналдар аргасыз жабылышы мүмкүн
Айрым жеке каналдар аргасыз жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине NEXT TV телеканалынын башкы директору Жаннат Токтосунова билдирди.
Эске сала кетсек, 15-майдан тарта Кыргызстанда аналогдук телеберүүлөр өчүрүлдү.
"Жеке каналдар биригип, жабдууларды чогуу койгонбуз. Анан контент жагынан да чогуу иш алып баруу маселеси каралышы мүмкүн. Анткени мыйзам боюнча берүүлөрдүн 60 пайызы Кыргызстанда жасалышы керек деп жатышат. Мындай шартта айрым жеке каналдар жабылышы толук ыктымал", — деди Токтосунова.
Ал берүүлөрдүн 60 пайызы Кыргызстанда жасалсын деген норма көптөгөн жеке каналдарга тоскоолдук болуп жатканын кошумчалады.