00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Картошка эмнеге кымбаттап жатат? Дыйкандар менен адистердин пикири

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүКартошка. Архив
Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда картошканын базардагы баасы 45 сомго жетти. Дыйкандар ортомчуларды айыптаса, адис бул көрүнүш мезгилге байланыштуу экенин айтууда.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыш мезгилинде 15 сомдон 25 сомго чейин сатылып келген картошка учурда кымбаттап баасы 45 сомго чейин жетти. Sputnik Кыргызстан агенттиги баалардын мындай өзгөрүшүнө кайсы факторлор таасирин тийгизип жатканын билүү үчүн тиешелүү адистерге кайрылды.

Өмүр бою дыйканчылык менен алектенип келген Ысык-Көл облусунун тургуну Турсунбек Абдылдаев үстүбүздөгү жылдын январь айында картошкасын 12-13 сомдон дүңүнөн сатып жиберген.

"Эгер картошканы азыркыга чейин кармап турганымда 25 сомдон сатмакмын. Бирок сактоочу жайдын жоктугуна байланыштуу мен сыяктуу дыйкандардын бардыгы арзан сатып жиберишкен. Себеби күн ысыганда картошка өнүп, салмагын жоготуп коет. Өкмөт жашылча-жемиштерди сактоочу жайларды куруп берсе дыйкандарга жакшы болмок", — деди Абдылдаев.

Ал ошондой эле ортодо алып сатарлар жыргап жатканын билдирди.

Продажа сухофруктов на рынке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын арты менен жан баккандар: биздин товарды жана атыбызды ким колдонот
"Базар баасы менен алып сатарлар ойнойт. Алар эл кыйналып турганда картошканы арзан баада сатып алып, сактоочу жайына салып коюшат. Анан күтүп жата беришет. Дыйканга окшоп талаада иштеп, сугарып кыйналбайт. Керек болсо биз бир жылда тапкан акчаны алар бир күндө эле таап коюшат", — деди Абдылдаев.

Айыл тургунунун айтымына караганда, дыйкандар түшүмүн ири шаарлардын базарларына алып келип өздөрүнүн сатуусуна дагы шарт жок.

"Биз базарга барып дагы сата албайбыз. "Дыйкан", "Ош" сыяктуу ири базарларда орун жок, кире албайсың. Барсаң дагы алып сатарлар ары-бери жагыңан чыгып, жаныңды койбойт. Оозуңду ачып туруп бересиң. Алматыга алып жөнөсөң дагы ортомчулар телефонуңду кайдан таап алышат билбейм. Жолдо кетип баратсаң "каерге жетип калдың" деп чалышат", — деди Абдылдаев.

Ал ортомчулардын айынан дыйкандар продукциясын арзан сатып, эл кымбат алып жатканын белгиледи. Алдыбдаевдин айтымында, өкмөт дыйкандардан жашылчаларды бир баада сатып алып, кийин ушундай мезгилде элге сатса рынокто белгилүү бир орточо баа сакталмак.

Ал эми Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев баанын көтөрүлүшүнө картошканын түгөнүшү бирден бир себеп экенин айтты.

"Мындай көрүнүш жыл сайын эле кайталанып келет. Учурда эски картошкалардын запасы бүткөндүгүнө байланыштуу баалар жогорулап кетти. Бирок күзгө жакын кайрадан эле арзандайт", — деди Жумалиев.

Адис баага ортомчулар дагы таасирин тийгизерин кошумчалады.

Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба...
"Бизде эркин экономикалык рынок болгондуктан ортомчулар ар кандай бааны кое алышат. Болжол менен 20 пайызга чейин кошушат. Бирок бааны өтө эле кымбаттата дагы алышпайт. Себеби товарга болгон бааны рынок өзү аныктайт. Мисалы июнь айынын ортосунда Кыргызстандын түштүгүндө картошка быша баштайт. Ал эми күзгө жакын баалар өзү эле ылдыйлайт", — деди адис.

Жумалиев картошкага болгон баанын жогорулашына ушул эки гана жагдай таасир этип жатканын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0