БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Чолпон-Ата көчөсүндө оңдоо иштери башталгандыктан жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилерин Бишкек мэриясынын билдиришти.
Чүй проспектисинен Анкара (мурдагы Горький) көчөсүнө чейинки бөлүк 16-майдан тарта жай мезгилинин аягына чейин жабык болот.
Жолду оңдоодон тышкары тротуарлар калыбына келтирилип, арыктар тазаланып иреттелет. Оңдоо иштери квартал аралык жана кичи райондордун жолдорун оңдоо программасынын алкагында ишке ашууда.
Бишкек мэриясы айдоочуларга оңдоо иштерин эске алуу менен жол багытын алдын ала пландап алууга чакырат.