БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкекте 15 жаштагы баланы койдуруп кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жол кырсыгы 10-май күнү саат 22.00дө "Кудайберген" базарынын аймагындагы Патрис Лумумба көчөсүндө катталган. Өспүрүмдү алгач ак түстөгү Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа коюп, андан кийин Subaru Forester тебелеп кеткен. 15 жаштагы бала алган жаракатынан улам ооруканадан жан берген.
Учурда шектүү кармалганы гана белгилүү. Толук маалымат кийинчерээк берилери белгиленди.