БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Жеңиш күнү майрамдалгандан кийин Бишкектин "Ала-Тоо" жана Жеңиш аянтынан сегиз КамАЗ таштанды чыгарылгандыгын шаар муниципалитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери майрам экенине карабай, эки сменада иштеп, Жеңиш аянтынан 8 куб метр, "Ала-Тоо" аянтынан 18 кубо метр таштанды алып чыгышты", — деп айтылат билдирүүдө.
"Тазалыкчылар" саат 14.00дөн тарта түнкү 02.00гө чейин иштегени айтылды. Тазалоо иштерине жалпысынан 60 адис, 13 атайын техника тартылды.
Айта кетсек, бул жылы былтыркы Жеңиш майрамындагыга караганда төрт КамАЗга аз таштанды чыкты.