Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 7-майда Кыргызстандын бир катар аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындан тышкары, тоолуу жерлерде кар жаай турганын Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Ботанический сад в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө "Сакура" багы ачылды
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз 24 градуска чейин ысык болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүн табы 25 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 18 градус жылуу болсо, Нарында 19 градуска чейин жылыйт.

Борбор калаа Бишкек шаарында 23 градус, Ошто 25 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0