БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр суу, бал жана эт азыктарын Катар мамлекетине экспорттой баштайт. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, апрель айынын соңунда кыргызстандык өндүрүүчүлөр өз продукциясын араб бизнес коомчулугуна сунуштаган. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүдө катарлыктар ата мекендик суу, бал жана эт азыктарын алууга кызыкдар экендигин билдирген.
Учурда Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги аталган азыктардын үлгүлөрүн Катарга жөнөтүү менен алектенүүдө. Азырынча экспорттоло турган товардын көлөмү белгилене элек.
Андан сырткары, араб өлкөсү кургатылган мөмө-жемиштерди алганга дагы даяр.