БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Президенттин куттуктоосунда 24 жылдын аралыгында Баш мыйзам бир катар оңдоп-түзөөдөн өткөнү баса белгиленген.
"1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылган. Кыргызстан өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Азыркы Башмыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болот", — деп айтылат өлкө башчынын сөзүндө.
Атамбаев мындан тышкары эли-жерибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, берекет тилей турганын баса белгилеп өткөн.