ФБРде иштеген аял Сирияга барып, согушкерге турмушка чыгып кеткен

© AFP / YURI GRIPASШтаб-квартира ФБР в Вашингтоне. Архивное фото
Штаб-квартира ФБР в Вашингтоне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бир нече жыл мурун болгону менен коомчулукка эми гана айкын болуп отурат.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. ФБРдин кызматкери Сирияга барып, "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерине турмушка чыгып кеткени иликтөө учурунда анык болду. Бул тууралуу РИА Новости CNN телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ФБРдин Даниэла Грин аттуу кызматкери жетекчисине Сирияга кеткенин жашырып айткан эмес. Андан сырткары согушкерге ФБРдин иликтөөсү жүрүп жатканы тууралуу маалымат да берген. Грин террорчуга  2014-жылы турмушка чыккан. Анткен менен окуя эми гана басылма беттерине чыгып отурат.

CNN телеканалынын кабарлашынча, Грин бир канча убакыт өткөндөн кийин ката кетиргенин сезип, АКШга кайтып келген. Тергөө менен кызматташып, билген маалыматтарын айтып берген.

ФБРдин эки жылга соттолгон мурдагы кызматкери былтыр жайында жазасын өтөп бүткөн. Ал эми анын күйөөсү  2015-жылы АКШнын Сирияга болгон авиа соккусунан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0