БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстанда жасалган товарлардын көргөзмө жарманкеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмө-жарманке 28-апрелден 1-майга чейин Бишкектеги "Аю Гранд Комфорт" соода борборунда өтмөкчү. Анда Кыргызстанда жасалган өнөр жай товарлары, азык-түлүк, кийим-кече, таттуулар, эт жана сүт азыктары коюлат.
"Иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан келген 150дөн ашуун ишкер катышат", — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмөгө 30 миңден ашык көрүүчү келери болжолдонууда. Ошондой эле чет элдик ири компаниялар дагы чакырылган.