БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында Аида Батыралиева аттуу келин үч эм төрөгөнүн мэриядан кабарлашты.
© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарында Аида Батыралиева аттуу келин үч эм төрөгөн
Бишкек шаарында Аида Батыралиева аттуу келин үч эм төрөгөн
Маалыматка караганда, үч ымыркайдын жытын искеген эне 34 жашта.
"Эки уул, бир кыз операция жолу менен жарык дүйнөгө келди. Биринчи төрөлгөн кыздын салмагы 1668 грамм, экинчи баланыкы 1665, үчүнчүсүнүкү 1645 граммды түздү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда эне менен балдардын абалы канааттандырарлык экени белгиленди.