БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Сирияда терактыларды жасоо боюнча даярдыктан өтүп, кайрадан Кыргызстанга келген киши кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты.
Маалыматта анын террордук уюмдун мүчөлөрүнө азгырылып, террорчуларды даярдоо боюнча Сириядагы лагерлердин биринде былтыр даярдыктан өткөнү айтылат.
Кармалган 23 жаштагы киши Жалал-Абад облусунда туулуп-өскөн.
УКМКдан учурда бул факты тиешелүү иш-чаралар өтүп жаткандыгын кошумчалашты.