БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түштүк Кореяда 21-апрель күнү тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык беш балага операция жасалып, ийгиликтүү өткөнүн Улуттук кызыл жарымай коому маалымдады.
Азыркы учурда балдарды ооруканадан чыгарууга даярдык көрүлүп жатат. Алар мекенине 26-апрелде кайтып келишет.
Балдардын операциясына кеткен каражатты, жол кирени, тамак-ашты жана жатаканасынын чыгымын кореялык медициналык борбор төлөгөн.
Балдар каражаты тартыш ата-энелерге жардам көрсөтүүгө багытталган атайын программанын алкагында 4-апрель күнү жиберилген.
Ошондой эле, бир баланын операциясынын чыгымы 36 миң долларды түзгөнү маалыматта белгиленген.