БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту эл өкүлү Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырды. Мындай чечим соттордун көчмө жыйынында кабыл алынганын анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Көчмө жыйын аскер сотунун мурдагы имаратында өткөн.
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Текебаевге коррупциялык иш-аракеттерди кылгандыгы тууралуу айыбын угузган.