УКМК Өмүрбек Текебаевге карата коррупция боюнча айыбын угузду

© AP Photo / Dalton BennettЛидер политической партии "Ата-Мекен" Омурбек Текебаев
Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-февралда Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык Текебаев менен Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге коррупциялык иш аракеттерди кылгандыгы тууралуу айыбын угузду.

Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Текебаевдин күнөөлүү экенине айныгыс далилдер табылды
Маалыматка ылайык, мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго карата дагы КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу айыбы угузулган.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. Депутат 27-февралда Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык 25-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0