БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргыз жигити Уларбек Бакирдиновго турмушка чыккан Анастасия Озерска кыз төрөдү. Бул тууралуу анын жолдошу Уларбек билдирди.
"18-апрель күнү кыздуу болдук, №2 төрөт үйүнүн дарыгер, акушерлерине ыраазычылык билдиребиз. Чет элдин кызы, кыргыздын келини деп жакшы карашты", — деди ал.
Наристенин атасы ымыркайга Айлин деген ысым коюну ойлонуп жатканын белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, жубайлар былтыр баш кошуп, латыш элинин кызы Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына келин болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигине куруп берген маегинде кыргыз тилин үйрөнөрү менен "Манас" эпосун окуп чыгарын айтып берген.
Настя былтыр декабрда кайын-журтуна барып келиндик кызматын өтөп келген болчу.