Үй-музейде 17 жылдан бери бир дагы ремонт болбой, чатырынан суу өтүп, ичиндеги экспонаттардын сакталышына терс таасирин тийгизип жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев айтып берди.
Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаптыр. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, 12-декабрда 35 жашында ушул жерден көз жумган экен.
"Дубалдары түшүп, чатырынан суу агып жатат. Кар оор түшкөндө черепицалар көтөрө албай калды. Улам оңдоп коёбуз, улам түшөт. Бул меселе 2013-жылдан бери эле келе жатат. Полу да чирий баштады. Алыкулдай улуу адамдын жашап, өмүрү өткөн жерин кийинки муундар көздүн карегиндей сакташыбыз керек", — деди Казыбаев.
Ал аталган үйдүн имараты 1941-жылы курулгандыгын кошумчалады.