БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Могол айылынан 22 тургуну ууланганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча бейтаптар 15-апрелде кыз узатуу салтанатынан кийин дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушкан.
17-апрелде жабыр тарткан сегиз киши Базар-Коргон райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылып, жаткырылган. Учурда аларга тийиштүү медициналык жардам берилүүдө.
Министрликтен тамак-аштын калдыктарын изилдөөгө мүмкүн болбогонун кошумчалашты.
Ал эми 18-апрелде дагы 14 киши уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылган. Жабыркагандардын экөөнүн абалы оор, калгандарыныкы орто деп бааланууда.
Консерваланган азыктан ууланганда эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>