БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда каттамдар калыбына келтирилгенин ӨКМден кабарлашты.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Төө-Ашууда эки жерден кар көчкү түшүп, жолду бөгөп калган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу саат 11.00дө каттамдагы бардык автоунааларга чектөө киргизилген.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 122-чакырмында 2400 метр куб, 123-чакырымында 1400 метр куб көлөмдөгү кар көчкү түшкөн.
Жол тейлөө ишканасынан үч техника тартылып, жол толугу менен тазаланып бүткөн соң, каттамдарга коюлган чектөө алынды.