"Кухняга" тартылган "Айнура": француз режиссерунун тасмасына оңой эле өтүп кеттим

© Фото / предоставлено Жаныл АсанбековойУроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале "Кухня"
Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын "Кухня" сериалынан кийин чыгармачылык доору башталган Жаңыл Асанбекова бүгүнкү күндө бир катар орус тасмаларында роль жаратып, актрисалык карьерасынын үзүрүн көрүп жаткан учур.

Ал жакында эле француз режиссеру Гийом Проценконун "Разбуди меня" тасмасына тартылып, фильм Бишкекте көрсөтүлгөнү жатат. Тасманын жабык премьерасына актер, режиссерлор менен кошо биздин актриса дагы келген. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Sputnik Кыргызстан агенттиги аны студияга чакырып, чыгармачылыгы тууралуу кыскача маек курду.

— Канчадан бери Кыргызстанды көрө элексиз? Сагынып калсаңыз керек?

— Ооба, "Кухня" сериалына тартылгандан бери мекениме келе элекмин. Ага чейин бат-баттан келип Көлгө барып эс алып кетчүбүз. Андан бери төрт-беш жыл өтүп кетти го, буюрса быйыл жай келсе үй-бүлөбүз менен келебиз. "Разбуди меня" тасмасы Бишкекте дагы көрсөтүлөт дегенинен анын жабык премьерасына кокустан эле келип калдым.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаңыл Асанбекова: "Разбуди меня" тасмасы жанры боюнча драма. Сюжетинде миграция маселеси да камтылган, буга байланыштуу режиссерлорго азиат улутундагы актриса керек болуп мени тандашты. Фильмде мен баңги бизнеси менен алектенген мигрант аялдын образын жаратам
Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан
Жаңыл Асанбекова: "Разбуди меня" тасмасы жанры боюнча драма. Сюжетинде миграция маселеси да камтылган, буга байланыштуу режиссерлорго азиат улутундагы актриса керек болуп мени тандашты. Фильмде мен баңги бизнеси менен алектенген мигрант аялдын образын жаратам

— Жаңы тартылган тасмаңыз тууралуу айтып берсеңиз, француз режиссерунун тасмасына кандайча тартылып калдыңыз?

— Гийом Проценко Россияда жашайт. Ал эми продюсери Кыргызстанда төрөлүп өскөн Татьяна Петрик болду. Россиядагы Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиевалар болуп кеңешип тасманы Бишкекте да көрсөтүүнү чечишиптир.

— Тасмада сиз эмне роль жаратасыз?

— "Разбуди меня" тасмасы жанры боюнча драма. Сюжетинде миграция маселеси да камтылган, буга байланыштуу режиссерлорго азиат улутундагы актриса керек болуп мени тандашты. Фильмде мен баңги бизнеси менен алектенген мигрант аялдын образын жаратам.

— Сиз тууралуу орус басылмалары "Кыргызстандын кичинекей айылында төрөлгөн кыз көрөрмандардын сүйүктүү актрисасына айланды" деп жазып жүрүшөт. Москвага кандайча барып калдыңыз эле?

Курманжан датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүң менен, Элина! Актриса тууралуу кызыктуу 7 факты
— Ооба, мен Ысык-Көлдүн Дархан айылында туулгам. Балалыгым дагы ошол жакта өттү. Кичинемде эле актриса болууну самап, Мосвага барып окусам деп кыялданчумун. Тилегим орундалып Россиядан келген атайын комиссиянын экзаменинен өтүп, Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайына өтүп калдым. Жолдошум менен да ошол жактан таанышып, баш коштук. Ошол боюнча Москвада калып калдык. Азыр эки балабыз бар.

— Сиз актрисалык карьераңыз 40 жашыңыздан өтүп башталган деп айтып жүрөсүз. Эмнеге мынча кеч?

— Ийгиликтин эрте-кечи жок деген жакшы сөз бар, анын сыңарындай мен да актрисалык карьерам 45 жашымда башталды. Мейли, кеч болсо да кичинемден ойлогон кыялыма жеттим. Өзүмдү азыр абдан бактылуу сезем. Балдар кичинесинде үй кожойкеси болуп, аларды ийримдерге, мектепке алып барып эле убакыт өткөрчүмүн. Анан улуу балам окууну бүтөрү менен минтип карьерама жол ачылды. Бул да болсо Кудайдын буйругу болсо керек.

Кухня на СТС вкусная комедия!

Публикация от Жаныл Асанбекова (@zhanyl_myrza) Мар 10 2016 в 10:54 PST

— Орустардын мен-мен деген кыйын актерлору менен бир катарда роль жаратып жүрүү сиз үчүн кыйынчылык жараткан жокпу?

— Негизи мындай карасаң абдан жөнөкөй келишет экен, алар менен иштөө мага абдан жеңил болду. Башында тартынып, кыйналдым, бирок тез эле көнүп кеттим. Тасма төрт жыл тартылып, баарыбыз бир үй-бүлөдөй болуп калдык. Кыйын, белгилүү актерлор болсо дагы эч качан бой көтөрүшпөйт. Мен өзүм да жөнөкөй, тамашакөй адам болгондуктан бат эле жуурулушуп кеттим.

— Эмне үчүн сизге "Айнура" деген атты ыйгарып коюшкан?

— Өздөрүнө карашты, себеби "Айнура" деген атты алар жеңил айтышат экен. Ошондуктан ушул атты тандашыптыр.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаңыл Асанбекова: бир күнү туулган күнүмдө атайын өзүм толтура кылып өзгөн күрүчүнөн палоо басып келсем, тамшанып жешкен. Башкы ашпозчу пловдун көп түрүн билчүмүн, бирок мындай түрүн жеп көрбөптүрмүн деп абдан мактаган
Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан
Жаңыл Асанбекова: бир күнү туулган күнүмдө атайын өзүм толтура кылып өзгөн күрүчүнөн палоо басып келсем, тамшанып жешкен. Башкы ашпозчу пловдун көп түрүн билчүмүн, бирок мындай түрүн жеп көрбөптүрмүн деп абдан мактаган

— "Кухня" тасмасына тартылып жатып, тамактын түрүн жасаганды үйрөнсөңүз керек.

— Биз француз ресторанында тартылдык. Ал жакта өзүмө жаккан салат, тамактардын рецептерин дароо жазып алчумун. Бир күнү туулган күнүмдө атайын өзүм толтура кылып өзгөн күрүчүнөн палоо басып келсем, тамшанып жешкен. Башкы ашпозчу пловдун көп түрүн билчүмүн, бирок мындай түрүн жеп көрбөптүрмүн деп абдан мактаган.

— Өз курагыңыздан жаш көрүнөт экенсиз?

Саманчынын жолу тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын кыйын кыздары. Бүшүркөбөй бүт баарын таап чыга аласызбы. Тест
— Азыр дагы толуп калбадымбы (күлүп), мурда мындан дагы арык болуп, жаш көрүнчүмүн. Анан "Кухняга" тартыла баштаганда "ашканада иштеген аялдар толук болушу керек, тол" деп жатып атайын семиргем. Жаштыгымдын дагы бир сыры — өзүм абдан шайыр адаммын, барган жеримдеги адамдардын боорун эзип, тамашалап сүйлөшөм. Балким дайым ачык-айрым жүргөндөн болсо керек деп ойлойм. "Кухнядагы" чыгармачыл топ эмдиги жылы юбилейим болот десем, "35 жашка чыгасыңыбы" деп сурашты. "50гө толом" десем баары таң калышкан.

— Бул сериалдан кийин башка дагы тасмаларга тартыла баштадыңызбы?

— Андан бери жалпы 15тей тасмага тартылдым окшойт. Мугалимдин ролунан тарта үй кызматкеринин образына чейин бар. Алардын ичинен Украина тарткан драма-боевик жанрында төрт сериялуу "Таиланд. Вместе навсегда" деген тасмада да роль жараткам.

— Кыргыз тасмаларында роль жаратуу ойдо жокпу?

— Албетте, тартылгым келет. Кыргыз режиссерлору качан чакырар экен деп күтүп жатам. Башкысы, тасманын мааниси терең болсо мен ар дайым даярмын.

— Россияда тасмага тартылууда гонорарларды жакшы төлөп беришсе керек?

— Ооба, иштеген ишиңе жараша төлөйт. Кудайга шүгүр.

— Башка дагы кандай таланттарыңыз бар?

— Ырдаганды жакшы көрөм, кээде комуз менен ырдап коём.

Жаңылыктар түрмөгү
0